Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн маданий кызматташтык Кеңешинин кезектеги отурумунуна катышты

3406

2019-жылдын 18-19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Тажикстан Республикасындагы Элчилиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн маданий кызматташтык Кеңешинин кезектеги отурумунуна катышты.

Жолугушуунун алкагында КМШ өлкөлөрүнүн 2021-2025 жылдардагы маданият чөйрөсүндөгү кызматташуусунун негизги иш-чараларынын долбоору талкууланган, алардын арасында эл аралык жана улуттук акцияларын өзүнө камтыган, өзгөчө тарыхый-маданий мурастарды сактоо, коргоо жана пайдалануу, музейдик жана китепкана иштери, театралдык-концерртик ишмердүүлүк, көркөм сүрөт өнөрү, китеп басып чыгаруу жана маалыматтык иш-чаралар, музыка жана кино.

Ошондой эле Кеңештин мүчөлөрү тарабынан Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган жана Федералдык мамлекеттик маданият бюджеттик мекемесинин «1941–1945жж. Улуу Ата Мекендик согуштун Борбордук музеи» (Жеңиш Музеи), «Жеңиш Аймагы» аттуу долбооруна катышуу боюнча, ошондой эле өзбек тарап сунуштаган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучуларынын маданият мурасы аттуу Виртуалдык музеин түзүү боюнча маселелери каралган.

Мындан тышкары, Кеңеш мүчөлөрү, «ART EXPO» эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү боюнча, («Культура РФ» порталынын мисалында) маалымат мейкиндигинде маданий мурастарды өнүктүрүү жана жайылтуу маселелерин карап чыгышкан.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген өлкөлөрдүн маданий кызматташтык Кеңешинин XXXIV отурумунун аягында протокол кабыл алынган.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK