Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2016-жылдын 3-июнундагы билдирүүсү

Министрлик, 2 июнь күнү интернеттеги өздүк баракчасына Мустафа Джемилевдин Кыргыз Республикасынын дарегине айтылган кырс сөздөрүн түшүнбөстүк менен кабыл алды. Бүткүл өлкөнүн дарегине айтылган терс маанидеги чет өлкөнүн парламентинин мүчөсү, коомдук ишмери Мустафа Джемилевдин сөздөрүн анын ички дүйнөсүнүн абалы экендигин айтууга болот. Белгилүү болгондой, кечээ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы толук түшүндүрүүлөрдү берип, М.Джемилевди “Манас” аэропортунда кармабагандыгын айткан, бул сөздөрдү Украинанын Кыргызстандагы Элчилиги далилдеген.

Бирок, азыркы убакытка чейин жалган айткандыгы үчүн кечирим сурабаган М.Джемилевдин иш-аракеттерин Министрлик бүткүл өлкөнүн суверенитетине келтирген кемсинтүү экендигин билдирет. Кыргыз Республикасынын бийлигинин эң негизги өзөгү болуп эли эсептелинет. Кыргыз жеринин аймагында туруп, чет өлкөлүк жаран М.Джемилев калктын меймандостугун кыянаттык менен пайдаланып, интернетке терс мүнөздөгү сөздөрү өлкө тууралуу жазып, бул кадам Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы достук мамилесине терс таасирин алып келе тургандыгын билдирет.

Ошондой эле, М.Джемилев тарабынан айтылган коркуу жана демонстративдүү түрдө колдонулган даярдыктарын Министрлик эки достук мамилелерге ээ өлкөлөр үчүн туура келбестигин баса белгилейт.

Кыргыз Республикасында сөз эркиндиги өзгөчө мааниге ээ. Аны менен бирге, Министрлик дагы бир жолу айтылган сөздөрдү орунсуз деп белгилеп, эч ким сырткарыдан өлкөнүн эгемендүүлүгүнө доо келтирүүгө укуктуу эмес экедигин белгилейт.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Украинанын Тышкы иштер министрлигине каршылык Нотасын жолдоп, Украинанын парламентинин расмий өкүлдөрүнөн түшүндүрмөлөрүн күтөт.