2021-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Украинанын Тышкы иштер министрлигинин Төртүнчү аймактык департаментинин директору Е.Пикалов менен жолугушту.

3784

Тараптар саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү бир катар эки тараптуу кыргыз-украин маселелерин талкуулашты, ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен Украинанын ортосундагы көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде консулдук маселелер боюнча пикир алмашышты.

Жолугушууда, ошондой эле, кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен кыргыз-украин комиссиясынын кезектеги жыйынын, парламенттер аралык жолугушууларды жана Тышкы иштер министрлигинин департаменттеринин директорлорунун деңгээлинде саясый маселелер боюнча министирликтер аралык консультацияларды өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуунун аягында Тараптар эки тараптуу достук мамилелерди бардык тармактарда мындан ары тереңдетүүгө өз ара кызыктар экендигин билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK