Кыргыз Республикасынын Украиндагы Элчилигинин 2019-жылдын 4-апрелиндеги Одесса улуттук медициналык университети жөнүндө маалыматтык билдирүүсү

6330

Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык (мындан ары - Министрлик), азыркы учурда медициналык чөйрөдө билим берүү жаатында реформалар жүргүзүлүп жатат. 2019-жылдын 15-мартында Министрлик бир сабакты тандоо аркылуу медициналык багытта жогорку окуу жайлардын берген билим берүү деңгээлин аныктоо максатында эл аралык байкоо жүргүзгөн. Министрликтин маалыматы боюнча, бул иш-чарага Одесса медициналык улуттук университетинин окуучулары катышкан эмес. Андан тышкары 2018-жылдан тарта университеттин жетекчиси мыйзамсыз түрдө дайындалып, өз ишин алып барууда.

Жогоруда баяндалгандардан улам, Министрлик азыркы учурда украиналык жана чет өлкөлүк жарандарга Одесса медициналык улуттук университети берип жаткан билим деңгээли үчүн жоопкерчилик бере албагандыгын билдирген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK