Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А.Бекназаровдун Малайзиянын мурунку Премьер-министри, Малайзиянын Парламентинин төмөнкү палатасынын, BERSATU партиясынын лидери доктор Тун Мохамад Махатхир менен жолугушту

3549

2021-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А.Бекназаровдун  Малайзиянын мурунку Премьер-министри, Малайзиянын Парламентинин төмөнкү палатасынын, BERSATU партиясынын  лидери доктор Тун Мохамад Махатхир менен жолугушту.

Жолугушууда жүрүшүндө Элчи А.Бекназаров Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан конституциялык реформалар,  алдады боло турган парламенттик шайлоо жана жалпысынан өлкөдөгү ички саясий кырдаал жөнүндө маалымдады. Мындан тышкары,  доктор Махатхир  Кыргызстанда октябрдагы окуялардан кийин  (2020-ж.) ушул жылдын январь айында болуп өткөн президенттик шайлоо жана башкаруу форманы аныктоо боюнча референдум,   ошондой эле Кыргыз Республикасынын конституциясынын долбоору боюнча 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган референдум жөнүндө маалымдалды.

Өз кезегинде доктор Мохамад Махатхир Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу дипломатиялык байланыштарды орнотууда ал демилгечилердин бири болгонун белгиледи. Ал Кыргызстанды жакшы билерин, кыргыз элине жана Кыргызстандын жаны бийлигине мындан аркы ийгиликтерди, бакубатчылык, гүлдөп-өнүгүүнү жана тынчтыкты кааларын айтып, эки элдин ортосундагы достук байланыштарын өнүгүп өрчүшүнө кызыкдар экенин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK