КР тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Малайзиянын Тышкы иштер министри Х.Хуссейн менен жолугушуусу

3715

2021-жылдын 18-июнунда Анталья шаарында өтүп жаткан Дипломатиялык Форумга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Малайзиянын тышкы иштер министри Хишаммуддин Хуссейн менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирип, мындан ары өз ара аракеттенүүнүн келечегин белгилешти жана 2021-жылы биринчи кыргыз-малайзия Тышкы иштер министрликтери аралык консультацияларды өткөрүүнү макулдашышты.
Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду мындан ары тереңдетүү максатында тышкы саясий ведомстволордун башчылары өз ара сапарларды уюштурууну талкуулашты.
Эки өлкөнүн ортосундагы укуктук базаны кеңейтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK