Документтерди мыйзамдаштыруу

Документтерди легалдаштыруу үчүн төмөнкү документтерди жөнөтүү керек:

Документти (жеке жактар үчүн) же коштомо катты (юридикалык жактар үчүн) мыйзамдаштырууну суранган арыз.
Документтин түп нускасы.
Документтин көчүрмөсү.
Паспорттун сүрөтү бар баракчасынын көчүрмөсү (жеке жактар үчүн).
Паспорттун каттоо белгиси бар баракчасынын көчүрмөсү (консулдук эсепке коюу жөнүндө) (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн).
Консулдук жыйымдар жеке жактар - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 5 АКШ долларын, жеке жактар - чет мамлекеттин жарандары жана жарандыгы жок адамдар үчүн 50 АКШ долларын, юридикалык жактар үчүн 100 АКШ долларын, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттин жарандары биргелешип көрсөтүлгөн жеке жактар үчүн 20 АКШ долларын түзөт


Маанилүү маалымат:

Элчилик төмөнкү документтерди легалдаштырбайт: паспорт, аскердик билет, эмгек китепчеси, айдоочулук күбөлүк, Транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө техникалык паспорт, профсоюз билети, класстарга жана диний ишенимдерге таандык экендиги жөнүндө документ
Документтерди кароо мөөнөттөрү:
- кадимки жол-жобосу - 5 жумушчу күн;
- шашылыш жол-жобо-3 жумуш күнү (мында төлөм эки эселенген өлчөмдө алынат).