Кыргызстандын Малайзиядагы Элчилигинде Нооруз майрамына арналган иш-чара болуп өттү

2011

2022-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинде кыргыз диаспорасы менен биргеликте Нооруз майрамына арналган иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери мекендештерибизди жана конокторду Нооруз майрамы менен куттукташты. 2022-жылы Малайзияга билим алганы жаны келишкен студенттерге ден-соолук, окууларына ийгиликтерди жана Кыргызстанды уят кылбаган жүрүм-турумду каалашып, ошону менен бирге Малайзиянын мыйзамдарын жана миграциялык тартибин сактоонун зарылчылыгы жана маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүштү. Ошондой эле элчиликтин ишмердүүлүгү, жакынкы иш пландары, жана консулдук маселелер боюнча консультациялар өткөрүлдү.

Малайзиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси А. Акималиева жана көп жылдардан бери Малайзияда иштеп, жашап жүрүшкөн башка мекендештер да жаштарды ынтымакта, биримдикте жүрүүгө чакырышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK