Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы паспортунун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдагы жалпы жарандык паспортунун мөөнөтү убактылуу узартылат

3966

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги Малайзиянын, Таиландын, Индонезиянын, Камбоджанын жана Бруней-Даруссаламынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына маалымдайт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 9-мартындагы № 82 буйругу менен жарактуулук мөөнөтү 2020-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-августуна чейин аяктай турган  Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдагы паспортунун жана Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдагы жалпы жарандык паспортунун (16 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун кошпогондо) мөөнөтү, убактылуу 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узартылат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK