Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү А.Наматбаев Кыргызстан менен Малайзиянын бизнес-коомчулугунун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү максатында Малайзиянын Эл аралык Соода-өнөр жай палатасынын (MICCI) Аткаруучу директору Шон Эдвард Чих мырза менен жолугушту.

242

А.Наматбаев Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалына токтолуп, Малайзиянын рыногун камтуу максатында ата мекендик продукциялар боюнча презентация жасады.

Тараптар жакынкы жана орто мөөнөттүү келечекте Кыргызстан менен Малайзияда бизнес-форум өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK