Элчи А.Жумаев дары-дармек чыгаруучу Y.S.P. Industries (M) SDN. BHD иш сапары менен барды.
2023-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтынбек Жумаев дары-дармек чыгаруучу Y.S.P. Industries (M) SDN. BHD иш сапары менен барды.
Заводго болгон иш сапарынын алкагында ишкананын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, алар презентация жасап, дары-дармектерди чыгаруунун жүрүшү менен таанышты.
Компаниянын жетекчилиги менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча кыргыз тарап Кыргыз Республикасына дары-дармектерди тикелей жеткирүү боюнча келишимди түзүү боюнча сунуштарды карайт.
Маалымат үчүн: 1987-жылы негизделгенден бери, Y.S.P. Industries (M) SDN. BHD. Малайзиянын инновациялык жана алдыңкы фармацевтикалык компаниялардын бири болуп калды, ал азыр 380ден ашык дары-дармектердин түрүн чыгарат. Компаниянын Сингапурда, Вьетнамда, Филиппинде, Мьянмада, Камбоджада, Таиландда, Индонезияда, Брунейде, Лаосто аймактык кеңселери бар.