Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А.Анарбаев Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине Ишеним грамоталарынын көчүрмөлѳрүн тапшырды

202

2024-жылдын 16-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин башчысы Мохд Айни Атан мырзага Ишеним грамоталарынын көчүрмөлѳрүн тапшырды.

Малайзиянын Тышкы иштер министрлигинин Протокол департаментинин башчысы М.Атан Элчи А.Анарбаевди дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Элчи А.Анарбаев жолугушууну уюштургандыгы жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилери боюнча кызматташууну ар тараптуу активдештирүүнүн, ошондой эле быйылкы жылы эӊ жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

  • Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А.Анарбаев Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине Ишеним грамоталарынын көчүрмөлѳрүн тапшырды
  • Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А.Анарбаев Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине Ишеним грамоталарынын көчүрмөлѳрүн тапшырды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK