Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси А.Анарбаев Малайзиянын Королу Султан Ибрагимге Ишеним грамоталарын тапшырды

159

2024-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Королу Султан Ибрагимге Ишеним грамоталарын тапшырды.

Куала-Лумпур шаарындагы Улуттук Королдук сарайда өткөн салтанатта Элчи Анвар Анарбаев Малайзиянын Королуна жана элине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан жылуу салам жана жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Ошондой эле, Элчи дипломатиялык миссиясы учурунда Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын ишендирди.

Өз кезегинде Малайзиянын Королу Президент С.Н.Жапаровго жана Кыргыз Республикасынын элине ѳз саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK