Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Малайзияга расмий сапары менен барат

170

2024-жылдын 1-3-апрелинде малайзия тараптын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Малайзияга расмий сапар менен барат.

Расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Малайзиянын Тышкы иштер министри Утама Хаджи Мохамад бин Хаджи Хасан жана башка расмий өкүлдөрү менен жолугушуулары өтөт.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө кыргыз-малайзиялык кызматташуунун учурдагы күн тартибин, ошондой эле эки тарапты кызыктыруучу көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK