Тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Малайзиянын малайзиялык «Public Gold» компаниясына барды

149

2024-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий иш сапарынын алкагында Малайзиянын баалуу металлдар тармагындагы ири компаниялардын бири болгон, өнөр жайлык масштабда баалуу алтындан жана күмүштөн жасалган буюмдарды саткан жана чыгарган малайзиялык «Public Gold» компаниясына барды.

Public Gold компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуу учурунда  Кыргызстанда алтын буюмдарын өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча кыргыз компаниялары менен кызматташууну түзүү маселелери талкууланды.

Министр Жээнбек Кулубаев «Public Gold» компаниясынын бул багыттагы чоң потенциалын белгилеп, Кыргызстан кендерди биргелешип иштетүүгө инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK