Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинин кызматкерлери тарабынан Малайзиянын алдыңкы 10 туристтик компанияларынын өкүлдөрүн чакыруу менен Кыргызстандын туристтик келечектүүлүгү жөнүндө көргөзмө өткөрүлдү

4046

2019-жылдын 19-августунда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинин кызматкерлери тарабынан Малайзиянын алдыңкы 10 туристтик компанияларынын өкүлдөрүн чакыруу менен Кыргызстандын туристтик келечектүүлүгү жөнүндө көргөзмө өткөрүлдү.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө туристтик агенттерге Кыргызстандын маданияты жана тарыхы, туризмдин жайкы жана кышкы түрлөрү, ошондой эле Малайзиянын жана Малайзиянын аймагында жашаган башка мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн визалык шарттар жөнүндө так маалымат берилген. 

Андан тышкары, жаратылыш, Кыргызстандын ажайып кооз жерлери жана кыргыз элинин салттары жана Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары жөнүндө видео роликтер көрсөтүлдү.

Ошону менен бирге, Элчилик тарабынан улуттук тамак аштар менен фуршет уюштурулган. 

Ошондой эле, жогоруда көрсөтүлгөн иш-чарада Малайзиянын аймагында 15 жылдан бери жашап  жана малайзиялыктардын Кыргызстанга тааныштыруучу туристтик сапарларды уюштуруп келген, Кыргыз Республикасынын жараны Зейнеп Дүйшөнова жигердүү катышкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK