Куала-Лумпур шаарында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги Кыргызстандын Малайзиядагы диаспорасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу көчмө иш-чара–пикник уюштурду
2019-жылдын 1-сентябрында Куала-Лумпур шаарында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги Кыргызстандын Малайзиядагы диаспорасы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу көчмө иш-чара–пикник уюштурду.
Иш-чаранын жүрүшүндө Элчиликтин кызматкерлери мекендештерди жана конокторду Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты, Элчиликтин ишмердүүлүгү жана жакынкы пландары, ошондой эле жүргөн өлкөнүн мыйзамдарын жана миграциялык тартибин сактоонун зарылчылыгы жана маанилүүлүгү жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле КРнын жарандары менен консулдук маселелер боюнча консультациялар өткөрүлдү.