Консулдук каттоо

КОНСУЛДУК КАТТООГО ТУРГУЗУУ

 

Кыргыз Республикасынын жарандарына натыйжалуу консулдук кызмат көрсөтүүнү уюштуруу, алардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары коргоо максатында, Элчилик «Консулдук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системаны колдонуу аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук каттоого алуу жана каттоодон чыгаруу боюнча иштерди жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтому менен Россия Федерациясында убактылуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоого туруу үчүн Элчиликке жеке өзү келип да, аралыктан да (жаран жеке өзү кайрылбастан) туруу мүмкүнчүлүгү каралган.

Убактылуу консулдук каттоого туруу үчүн жарандар төмөнкү документтерди берүүсү керек:

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту (идентификациялык карта - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту).

Өзү жеке кайрылбастан убактылуу консулдук каттоого туруу үчүн (аралыктан) жарандар msk.ku.kg@mail.ru электрондук дарегине сканерден өткөн төмөнкү документтерди жөнөтүшү керек:

  • формага ылайык толтурулган каттоо карточкасы (көчүрүү);
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын улуттук паспорту;
  • Бети так, даана тартылган түстүү сүрөт.

Консулдук каттоого тургузуудан баш тартууга каттоо картасынын жоктугу же туура эмес толтурулгандыгы негиз болуп саналат. Арыз берүүчү каттоо карточкасында көрсөтүлгөн маалыматтардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

Кыргыз Республикасынан туруктуу жашоо максатында чыгып кеткен Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук (туруктуу) каттоого туруу үчүн төмөнкү документтерди беришет/жөнөтүшөт:

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (эл аралык);
  • «Каттоодон чыгарылган» деген мөөр басылган даректүү баракча.

Убактылуу жана туруктуу консулдук каттоого туруу акысыз жүргүзүлөт

Кыргыз Республикасынын жарандарын чет мамлекетте каттоодон чыгаруу Кыргыз Республикасынын жарандарынын арызы боюнча төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

  • Жаран Кыргыз Республикасына кайткан учурда;
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын башка чет мамлекетке жашоо үчүн чыгып кетиши;
  • Кыргыз Республикасынын жараны жашаган жерин өзгөртсө, атап айтканда бир мамлекеттин ичинде эле бир консулдук мекеменин округунан башка консулдук мекеменин округуна жашоо үчүн көчүп кетсе.

Кыргыз Республикасынын жаранын чет өлкөдө консулдук каттоодон чыгаруу төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы жок эле ишке ашырылат:

  • Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
  • Кыргыз Республикасынын жараны каза болгондо.

Консулдук каттоодон чыгарылбаган жана Кыргыз Республикасына кеткен Кыргыз Республикасынын жарандары консулдук каттоодон Бишкек шаарындагы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган жери боюнча катталган калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылуу менен чыга алат.

Консулдуктан каттоодон чыгуу акысыз ишке ашырылат.

Зарыл болгон учурда жарандар консулдук каттоого туруу же консулдук каттоодон чыгаруу үчүн жарандык паспортко мастика мөөр коюу өтүнүчү менен Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылууга укуктуу.

Консулдук каттоого туруу чет өлкөдөгү шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн зарыл шарттардын бири экенин эскертебиз.