Дипломатиялык миссиянын башчысы

Гульнара – Клара Самат

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы

Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси

 

1963 - жылдын 20 августунда Кыргыз Республикасынын Ош областынын Таш-Көмүр шаарында төрөлгөн.

 

Билими

1986-жылы Калининград мамлекеттик университетин (Россия Федерациясы) «орус тили жана адабияты мугалими» адистиги боюнча аяктаган. 2001-2005-жылдары Россия Федерациясынын Россия элдеринин достугу университетинде «саясат таануу» адистиги боюнча билим алган.

Жогорку билимдүү. Саясий илиимдеринин кандидаты.

 

Эмгек ишмердүүлүгү

 

1986 год

- Кыргыз Республикасынын Ош областынын Таш-Көмүр шаарынын №7 мектебинде орус тили жана адабияты мугалими

1987 – 1991 гг.

- СПТУ – 74 алгачкы комсомол уюмунун катчысы, ЛКСМнын Борбордук аппаратында комсомолдук уюмдун башчысы

1995 – 1998 гг.

- КР ТИМде 3 - катчы, 2 - катчы, кеңешчи

1998 – 2000 гг

-Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинде 1-катчы

2001 – 2003 гг.

- КМШ Экономикалык Кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн консультанты

2001 – 2005 гг.

- КМШ Экономикалык Кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын консультанты

2005 – 2006 гг.

- Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде кеңешчи

08.06.2006-10.10.2006 гг.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс - катчысы

2006 – 2007 гг.

- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору

 

2007 – 2008 гг.

 

- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

2018 – 2021 гг.

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты

22 февраля 2021 г.

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалган

 

Кошумча маалымат

 

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн КМШнын Аткаруу комитетинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Ошондой эле КМШ Тышкы иштер министрлер кеңешинин алкышына ээ.

Россия Федерациясында биринчи жолу расмий негизделген «Кыргыз Биримдиги» кыргыз диаспорасынын демилгечиси жана негиздөөчүлөрүнүн бири.

Талас областынын Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылынын ардактуу жараны.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматынын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар.