2019-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргызстан жана Украинанын жеңил өнөр жай тармагында кызматташуусун өркүндөтүү маселелери жөнүндө видео конференция уюштурулган.

4862

Кыргыз тараптан конференцияга жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциясынын президенти, Өнөр жай, энергетика жана кең иштетүү мамлекеттик комитетинин, тигүүчү ишканалардын жана жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты.

Украин тараптан конференцияга Соода өнөр-жай палатасынын, жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын, тигүүчү, тери иштетүүчү жана бут кийим чыгаруучу ишканалардын жана жогорку окуу жайдын өкүлдөрү катышышты. Иш-чарага Элчиликтин кызматкерлери жана Украинадагы Соода өнөр-жай палатасынын өкүлдөрү катышышты.

Видеоконференциянын алкагында тараптар жеңил өнөр жай тармагында эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен кызматташууну талкуулап, тигүүчү жана тери иштетүүчү – бут кийим чыгаруучу тармактардагы тажрыйбалар менен алмашып, ассоциациялардын жана ишканалардын деңгээлинде түздөн-түз байланышты түзүү жана өндүрүлүп жаткан буюмдарды сатуу, биргеликте иш ордуларын ачуу тууралуу макулдашышты. Украин тарабы Кыргызстандан тери, токума кездеме, пахта кездемесин алуу кызыкчылыгын билдирген.

Жогорку окуу жайлар ортосунда Украинадагы окуу жайлардын базасында окуучулардын билимин жогорулатуу боюнча маселелер талкууланган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан жана Украинанын жеңил өнөр жай ассоциацияларынын ортосунда Меморандумга кол коюу жана  бизнес-делегациялардын эки тараптуу иш сапарлары макулдашылды.

  • 2019-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргызстан жана Украинанын жеңил өнөр жай тармагында кызматташуусун өркүндөтүү маселелери жөнүндө видео конференция уюштурулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK