Маанилүү маалымат

5748

Калктын саламаттыгын коргоону камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) кирүүсүнүн алдын алуу жана андан ары жайылуусуна жол бербөө максатында, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” жана “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүүчү бардык контролдоо-өткөрүү пункттарында 2020-жылдын 19-мартынын 00 саат 00 мүнөтүнөн тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругу расмий жокко чыгарылганга чейин Кыргыз Республикасынын аймагына чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын кирүүсүнө төмөнкүлөрдөн тышкары убактылуу чектөө киргизилсин:  

- Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлеринен, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлеринен, ошондой эле аталган кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнөн, алардын келгендиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу алдын ала маалымдалганда;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына жөнөтүлгөн чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегация мүчөлөрүнөн;

- эл аралык жүктөрдү ташыган айдоочулардан, аба кемелеринин экипаждарынан жана учуучу курамынан, эл аралык темир жол каттамдарынын поезддик жана локомотивдик бригадаларынан;

- чектеш мамлекеттердин (Казакстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы) аймагындагы темир жолдо паспорттор (ID-карта) боюнча күндөлүк ишти камсыздашкан Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы “Кыргыз темир жолу” улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринен; 

- чет мамлекеттердин жарандарынан жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган жарандыгы жок адамдардан (жакын туугандык байланыштарын – күйөөсү (жубайы), алардын ата-энелери, балдары, чоң ата, чоң энелери экендигин документ менен ырастаган шартта) же Кыргыз Республикасында туруктуу жашап турууга уруксаты бар адамдардан.

2.    Чет мамлекеттердин жарандарынын жана жарандыгы жок адамдардын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул буйругунун 1-пунктунда аталган адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырыла тургандыгы белгиленсин. 

3.   Кыргыз Республикасына келүүнү пландаган чет мамлекеттердин жарандарына жана жарандыгы жок адамдарга бардык категориядагы кирүү визаларын тариздөөнү убактылуу токтотулсун

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK