“Украина Бизнесс” аттуу журналга чыгарылган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Ж.Шариповдун макаласы

10814

Чыңгыз Айтматов – кыргыз элинин символу

         Айтматов Чыңгыз Төрекулович 1928-жылдын 12-декабрда Кыргыз АССРинин Шекер айылында туулган (азыркы – Талас областы). 2018-жылы Кыргыз Республикасы жана дүйнөлүк адабият чөйрөсү биздин өлкөнүн “визитная карточка” атка конгон улуу кыргыз жазуучунун 90-жылдыгын белгилеп жатат. Андан тышкары, эл аралык тюрк маданиятынын уюму (ТЮРКСОЙ) 2018-жылдын Айтматовдун жылы деп атаган.

         Чынгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп, ар бирибиз алардын өтө терең көркөм, эстетикалык жана социалдык-коомдук баалулугун көрүүдөбүз. Айтматовдун ар бир чыгармасы – окурмандардын арасында кызуу талкуу жаратып, өтө курч жана ынтызаарлык менен кабыл алынып, окурмандарды адамзаттын күнүмдүк жашоосундагы кыйынчылыктар тууралуу ой жүгүртүүгө себепкер болот. Ал өзүнүн чыгармаларында көтөрүп жаткан көйгөйлөр өтө актуалдуу.

         Жазуучу кыргыз прозасынын жаңы көркөм аспектерин ачып, анда лирика-драммалык повесттердин жана аңгемелердин жанрын өркүндөтүп, жалпы улуттук адабиятка салым кошууда.

         Ч.Айтматовдун чыгармачылгы шексиз дүйнөлүк баалуулуктарга кирет. ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, Айтматов дүйнө жүзүндө көп окулуучу жазуучулардын бири. Анын чыгармалары 60 миллионго жакын тираж менен чыгып, 100 өлкөдө жарык көрүп, 170 өлкөнүн тилине которулган. Андан тышкары, анын көптөгөн чыгармалары боюнча көркөм тасмалар тартылган.

         Кыргыз Республикасынын Украинадагы Элчилигинин демилгеси менен Ч.Айтматовдун чыгармаларынан турган жыйнак украин тилине которулуп, жарык көргөн. Ал жыйнакка “Тоолор кулаганда”, “Чынгызхандын ак булуту”, “Уул менен кездешүү” чыгармалары кирген. Аталган жыйнак 2018-жылдын 20-сентябрында Львов шаарында 25-китем форумунда жана 13-Дүйнөлүк адабият фестивалында презентацияланган. Презентацияга котормоочу М.Васькив, басмаканачы В.Зеленский, Киев шаарынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы В.Даниленко, Харьков улуттук педагогикалык университетинин эл аралык адабият жана украин адабияты кафедрасынын жетекчиси Р.Мельников, Айтматовдун күйөрмандары катышты.

         Андан тышкары ошол эле жерде украин тилине которулган “Кыргыз эл жомокторунун” бет ачаары болгон.

         Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романында жазуучунун эн мыкты өзгөчөлүктөрү сүрөттөлгөн. Ал заманбап глобалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, философиялык темаларды козгоп жатат. Айтматовдун чеберчилиги ал өз чыгармаларында башынан аягына чейин бир көйгөйдү алып өтөт.

         Романдын негизги сюжети тоолуу аймакта өтөт, ал жерде кайгырып жаткан эки тирүү жандын – адамдын жана илбирстин - жолдору биригет. Ал экөө тең убакыттын, кырдаалдын жана өздөрүнүн тагдырларынын туткундары. Өч алуу сезими негизги каарманды Арсен Саманчинди туулуп өскөн айылына алып келет, ал жерде араб байлары илбирске мергенчилик кылып жаткан чагы болот. Каарман өз айылына келип, сүйгөнүн, а балким өлүмүн табаарын билбейт. Арсен Саманчин биздин замандашыбыз, ал күчтөрдүн бирдей эмес болгон күрөшкө кирген инсан. Эгерде терең ойлонуп көрсөк биздин жашообузда Арсен Саманчиндер көп. Ал эми илбирстин тагдыры, ал адамдардан бийик тоонун чокусуна качат, бул тагдыр бүгүнкү күнү өтө актуалдуу. Айланага бир көз чаптырсаңыз ар бир адам баласы күнүмдүк жашоо турмушунда табиятка жана экологияга өзүнүн аракеттери менен зыян келтирип жатат.

         “Чыңгызхандын ак булуту” чыгармасында Ч.Айтматов жөнөкөй инсандын жана Чынгызхандын жашоосу менен паралел жүргүзүп, салыштырма жасаган. Баса белгилеп кетчү нерсе, бул аңгеме “Кылым карытаар бир күн” романын бир бөлүгү эле, бирок, ошол убакыттагы идеологиядан улам китептин мазмунуна киргизилген эмес, анткени анда байлардын туткундарга болгон орой мамилеси сүрөттөлгөн. Ал эми “Уул менен кездешүү” аңгемесинде Ч.Айтматов дүйнө жүзүндөгү актуалдуу темалардын бирине токтогон, так айтканда экинчи дүйнөлүк согушта өз уулдарын жоготкон ата-энелердин тагдыры тууралуу баяндап берген. Негизги каарман Чордон өз уулун тирүү сезип, аны менен сүйлөшүп жүргөндөй болот.

Демек, Ч.Айтматов өз чыгармаларында адамзатка кайрылып, айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизбестен, жашоо-турмушту жакшы нукка буруп, туура жашоо керек экендигин баяндайт.

Урматтуу китеп күйөрмандары Ч.Айтматовдун ар бир чыгармасынан көп оң нерселерди алууга болот экендигин билдирүү менен бирге, анын чыгармаларынан позивтивдүү эмоцияларды ала тургандыңызды ынандырам.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK