Саясий кызматташтык

Кыргыз Республикасы менен Швейцария Конфедерациясынын эки тараптуу кызматташуусу

Швейцария Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын 1991-жылдын 23-декабрында тааныган. Кыргыз-швейцария дипломатиялык мамилелери 1992-жылдын 14-февралында орнотулган. 2017-жылдын 14-февралында Кыргызстан менен Швейцария дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгын белгилешти. Буга байланыштуу эки өлкөнүн мамлекет башчылары жана тышкы саясий ведомстволорунун жетекчилери өз ара куттуктоо каттары менен алмашышты.

Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташуусунун активдүү фазасы 1993-жылы, Кыргыз Республикасы Эл аралык валюта фондусундагы жана Дүйнөлүк банктагы (Бреттон-Вуд институттары) швейцариялык шайлоо тобуна киргенден кийин башталган. 1994-жылдын 14-ноябрында эки мамлекеттин өкмөттөрү техникалык кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшкан, ал эми 1996-жылы Бишкекте Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташуу агенттигинин офиси ачылган. Кийинчирээк, Швейцариянын Өкмөтү Кыргызстанда Элчилик ачуу тууралуу чечим кабыл алып, анын расмий ачылышы 2012-жылдын 5-ноябрында болут өткөн. Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчилиги жана Женева шаарындагы БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алдындагы Туруктуу өкүлчүлүгү 1996-жылы ачылган.

Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын эки тараптуу мамилелери стабилдүү жана оң динамикадагы мүнөзгө ээ. Швейцария Кыргызстандын эң негизги донорлорунун бири. Швейцария тараптын Кыргыз Республикасы эгемендүү болгон учурдан тартып ага көрсөткөн жардамынын жалпы көлөмү 370 млн. шв. франктан (386 млн. АКШ долларынан) ашты. Азыркы учурда дагы техникалык кызматташуу кыргыз-швейцария мамилелеринин эң өнүккөн багыттарынын бири болуп келет. Тараптар Швейцариянын Борбордук Азия мамлекеттери менен 2017-2020-жылдарга карата болгон Кызматташуу стратегиясынын алкагында Кыргызстандын аймагында саламаттыкты сактоо, ишке орноштуруу жана экономикалык өнүктүрүү, мамлекеттик секторду реформалоо, суу, инфраструктура жана аба ырайынын өзгөрүшү тармактарында отуздан ашуун проектилерди ишке ашырышат. Бүтүндөй төрт жылдык мөөнөткө 90,5 млн. шв. франк (94,5 АКШ доллары) өлчөмүндөгү жардам каралган. Кыргызстан менен Швейцария ошондой эле Кыргыз Республикасындагы парламенттик демократияны чыңдоо, шайлоо системасын жакшыртуу, искусство менен маданиятты өркүндөтүү тармактарында өз ара аракеттенишет, мындан тышкары эки тарап жакырчылык менен күрөшүүгө, адам укуктарын коргоого жана жергиликтүү деңгээлдеги өнүгүүгө багытталган проектилик сунуштарды чогуу ишке ашырышат.

Соода-экономикалык кызматташуу тууралуу 1997-жылдын 10-майындагы эки тараптуу макулдашууга ылайык Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен комиссия түзүлгөн. Комиссиянын биринчи отуруму 2001-жылдын 4-апрелинде Берн шаарында болуп өткөн. 2008-жылдын 29-майында Бишкекте Комиссиянын экинчи отуруму өткөн. Үчүнчү отурум 2012-жылдын 25-сентябрында Цюрих шаарында болгон. Төртүнчү отурум 2016-жылдын 3-июнунда Бишкекте өткөрүлгөн. Тараптар ошондой эле регулярдуу түрдө тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде саясий консультацияларды өткөрүп турушат. Акыркы консультациялар Берн шаарында 2018-жылдын 2-майында өткөрүлгөн.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосунда эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги төмөнкү иш-сапарлар болуп өттү:

1) Швейцариянын Президенти Дидье Буркхальтердин 2014-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасына болгон жумушчу иш-сапары.

2) Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин 2015-жылдын 26-мартында Швейцарияга болгон расмий иш-сапары.

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ч.Турсунбековдун 2016-жылдын 6-9-июндарында Швейцарияга болгон расмий иш-сапары.

4) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Исаковдун 2018-жылдын 22-25-январларында Давостогу Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун 48-сессиясына катышуу үчүн болгон иш-сапары.

Мындан тышкары, эки мамлекеттин ортосунда министрликтердин, ведомстволордун, мамлекеттик комитеттердин жана агенттиктердин жетекчилеринин деңгээлдеринде өз ара иш-сапарлар менен алмашуу ар дайым болуп турат. Парламенттер ортосундагы кызматташуу Кыргызстан менен Швейцариянын эки тараптуу карым-катнаштарынын маанилүү түзүмдөрүнүн бири болуп эсептелет. Тараптар мезгил-мезгили менен парламенттик делегациялардын иш-сапарлары менен алмашып турушат. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде жана Швейцариянын Улуттук Кеңешинде (парламенттин төмөнкү палатасы) тиешелүү кыргыз-швейцария депутаттык достук топтору бар.

Эки өлкөнүн ортосундагы жылдык товар алмашуу 650-700 млн. АКШ долларына жакын сумманы түзөт. Кыргызстан негизинен Швейцарияга баалуу металлдарды (алтын жана күмүш) экспорттойт, ал эми ал жерден дары-дармек продукциясын, жабдуулар менен машиналардын айрым-бир түрлөрүн,  сааттарды жана электрониканы импорттойт. Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылы Швейцариядан Кыргызстанга киргизилген түздөн-түз инвестициялардын көлөмү 2 млн. АКШ долларына жакын сумманы түзгөн.

2017-жылдын 25-29-сентябрларында эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык жана ишкер байланыштарды өнүктүрүү максатында эки тараптуу мамилелердин тарыхындагы биринчи жолку швейцариялык бизнесмендер тобунун Кыргызстанга болгон иш-сапары уюштурулду. Бизнес-топтун мүчөлөрүнүн көңүлүн өлкөнүн экономикасына максималдуу буруу максатында  алар үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулар, ишкер жолугушуулары, презентациялар жана ар кандай иш-чаралар уюштурулду. Швейцариялык бизнесмендер менен ишкерлерден турган дагы бир топтун Кыргызстанга иш-сапары 2018-жылдын 5-9 сентябрында болмокчу.

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасы менен Швейцариянын ортосунда 36 эл аралык келишимге жана проектилик макулдашууларга кол коюлган.

Кыргызстан менен Швейцария мурункудай эле Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фондусу жана Глобалдык экологиялык фонд сыяктуу институттардагы швейцариялык тарап жетектеген шайлоо топторунда биргелешип мүчө болуп келишет.

Кыргыз Республикасы менен Лихтенштейн Княздыгынын эки тараптуу кызматташуусу

Кыргыз Республикасы менен Лихтенштейн Княздыгынын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1999-жылдын 16-сентябрында орнотулган.

Азыркы учурда эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу динамикалык өнүгүүгө ээ эмес жана көпчүлүк учурда эл аралык уюмдардын жана өз ара укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагындагы өз ара аракеттенүү менен чектелип келет.

"Онүктүрүү максатында жардам көрсөтүү" саясатынын алкагында Лихтенштейн 2014-жылга чейин Кыргызстандын аймагында саламаттыкты сактоо, туризм жана айыл жергесиндеги билим берүү тармактарындагы швейцариялык проектилерди ишке ашырууга катышып келген. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу мөөнөтүнүн ичинде лихтенштейн тарабынын кыргыз тарабына көрсөткөн жардамынын көлөмү 4 млн. АКШ долларына жакын сумманы түзгөн. Бирок, эл аралык жардам көрсөтүүгө каралган бюджеттин кыскартылышына байланыштуу, 2011-жылы Лихтенштейнде бир катар мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда дагы, проектилик иштерди акырындык менен токтотуу программасы кабыл алынган. Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасы Лихтенштейн Өнүктүрүү Агенттигинин ишкердигин өлкөдө кайрадан жандандыруу мүмкүнчүлүгү боюнча айрым-бир иштерди жүргүзүүдө. 

Тараптар саясий диалогду өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаштарды активдештирүү боюнча иштерди улантып келишет.