БУУнун Азык-тулук жана айыл- чарба уюму (БУУнун ААУ)

БУУ Азык-түлүк жана Айыл-чарба Маселелери боюнча Уюму (F.A.O.-ФАО) - 1945-жылы курулган.

Борбору Римде. Максаты: дүйнөлүк азык-түлүк жана айыл-чарба жаатында иликтөөлөрдү жүргүзүү, бул темада адистештирилген жыйындарды уюштуруу, мүчө өлкөлөрдүн бул тармактагы проблемаларын талкуулоо жана сунуштарды киргизүү, мүчө мамлекеттерге азык-түлүк жана айыл-чарба тармагынын өнүгүүсү үчүн техникалык жактан жардам берүү жана адистер менен камсыз кылуу.