Кыргыз Республикасынын делегациясы Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин 136-сессиясына катышууда

1283

2022-жылдын 10-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин 136-сессиясы ачылып, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын, Эфиопия Федеративдик Демократиялык Республикасынын, Япониянын, Никарагуа Республикасынын, Филиппиндин жана Россия Федерациясынын Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын жоболорунун ишке ашырылышы тууралуу баяндамалары угулду. 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген делегациянын курамында Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУнун бөлүмүндөгү жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү бар .  

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы 1994-жылдын 7-октябрында Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга жана анын Факультативдик протоколуна кошулган жана ушул жылдын 11-12-октябрында Комитетке үчүнчү мезгилдүү баяндамасын сунуштайт. 

Буга катар 2010-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасы өлүм жазасын алып салууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Экинчи Факультативдик протоколуна кошулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK