Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 20-январындагы маалыматтык билдирүүсү - Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар үчүн миграциялык амнистия аяктагандыгы жөнүндө

2063

2022-жылдын 19-январындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимине ылайык, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган миграциялык амнистиянын (“жашыл коридор") мөөнөтү такталды – 2022-жылдын 1-марты. 

Маалымат үчүн: дүйнөдө коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуусуна байланыштуу киргизилген убактылуу чектөөлөр колдонулган учурда, 2020-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №84-б буйругу кабыл алынган, алга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз чыгып кете ала тургандыгы белгиленген. 

Чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата колдонулган “жашыл коридорду” 2022-жылдын 1-мартынан баштап жокко чыгаруу чечимин кабыл алды. 

Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын аймагында ар кандай максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга 2022-жылдын 1-мартына чейин мамлекеттин аймагынан чыгып кетүү же Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу жүрүүгө тиешелүү документтерди (виз, каттоо) тариздөө сунушталат. 

Министрлик 2022-жылдын 1-мартынан тартып жүрүү тартибин бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынан чыгуусу айып пул төлөнгөндөн жана чыгуу вазасы таризделгенден кийин гана мүмкүндүгүн өзгөчө белгилейт.

Толук маалымат алуу үчүн ишеним телефонуна кайрылыңыз:

(+996) 312 66-30-70;

(+996) 703 42-88-65 (+Whatssapp);

Instagram: @visacenterkg;

Telegram: @ visacenterkg

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK