Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо - № 9039 УШКнын шайлоочуларынын акыркы тизмеси, өткөрүү күнү жана дареги.

2778

Урматтуу Швейцария жана Лихтенштейн аймактарында туруктуу же убактылуу турган мекендештерибиз!

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өтөт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчилиги - № 9039 УШКнын шайлоочуларынын акыркы тизмеси менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышып кетүүңүздү суранат: №9039 УШКнын шайлоочуларынын тизмеси.

Добуш берүү 2021-жылдын 28-ноябрында саат 8:00дөн 20:00гө чейин Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Элчилигинин имаратында жайгашкан № 9039 УШКда болуп өтөт, дареги: Avenue Blanc 51, 1202 Genève.

Учурдан пайдаланып, Элчилик, Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүн аныктоодо конституциялык укукту ишке ашыруу үчүн активдүү жарандык позицияны көрсөтүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө өтүнүч менен кыргызстандыктарга дагы бир жолу кайрылат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK