Кыргыз Республикасынын референдуму 2021-жылдын 11-апрелинде боло тургандыгы жана Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчилиги - №9039 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмеси тууралуу.
Урматтуу Швейцария жана Лихтенштейн аймактарында туруктуу же убактылуу турган Кыргыз Республикасынын жарандары!
Элчилик Кыргыз Республикасынын референдуму 2021-жылдын 11-апрелинде боло тургандыгы тууралуу эскертет.
Швейцария жана Лихтенштейн аймактарында турган Кыргыз Республикасынын жарандары өзүн төмөнкү шилтеме боюнча: https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын тизмесинен тактоосу мүмкүн. (нускама: "өзүнүздү шайлоочулардын тизмесинен тактаңыз" бөлүмүнө өтүңүз, "облус/ район" бөлүмүнөн "МИД КР", "ТШК" бөлүмүнөн, "МИД КР" тандап "УШК" бөлүмүнөн "9039 Швейцария - Посольство КР" дегенди тандап, "Издөөнү" басыңыз).
Жарандарды шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн акыркы күнү - 2021-жылдын 27-марты.