Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү үчүн 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында Улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү үчүн 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында Улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.
Ушуга байланыштуу жана учурдагы COVID-19 эпидемиологиялык кырдаалдын эске алуу менен, көңүл айтуу каттарын электрондук форматта төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү мүмкүн: kyrgyzmission@bluewin.ch