Кыргыз Республикасына кирүү Алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилди

3159

2021-жылдын 8-июнундагы Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарынын биргелешкен чечими менен коронавирус инфекциясын киргизбөө жана жайылтууну алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү алгоритмине өзгөртүүлөр киргизилген.

Өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасына кирүү үчүн, акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган терс ПЦР-тестти көрсөтүү керек же COVID-19га каршы толук вакцинация алынгандыгы тууралу күбөлүктү көрсөтүүгө болот.

Жогорудагы талаптар дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын аймагында аккредитацияланган эл аралык уюмдардын кызматкерлерине дагы тиешелүү.

Бул талаптар төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чакыруусу боюнча келген мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын расмий делегацияларынын мүчөлөрү,

- 5 жашка чейинки балдар;

- Кыргызстандагы шайлоого байкоо жүргүзүүгө бараткан эл аралык байкоочулар,

Күтүлбөгөн жагдайлардан же учуунун узактыгына байланыштуу себептерден улам ПЦР- тестирлөөнүн натыйжаларынын белгиленген мөөнөтү (72 саат) аяктап калган учурда, чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар өлкөнүн аба терминалдарынан ПЦР-тестирлөөдөн өтүшү керек.

Көрсөтүлгөн талаптар төмөнкү кундөрдөн баштап күчүнө кирет:

- 2021-жылдын 19-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын аба аркылуу пункттарынан кесип өткөн жарандар үчүн;

- 2021-жылдын 12-июнунан тартып - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын жерден өткөрүү пункттары аркылуу өткөн жарандарга карата.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK