Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун астындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы бөлүмүнүн Башкы директору Т.Валоваяга ишеним грамоталарын тапшырды

2899

2021-жылдын 25-июнунда Женевадагы (Швейцария) Бириккен Улуттар Уюмунун бөлүмүнүн штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун астындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы бөлүмүнүн Башкы директору Т.Валоваяга ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө А.Бейшеналиев Т.Валоваяга Кыргызстандагы ички саясий кырдаал, өлкөдөгү акыркы саясий окуялар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча референдумдун жыйынтыктары жана алдыдагы парламенттик шайлоо жөнүндө маалымат берди. Ошол эле учурда, бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн приоритеттүү милдеттер экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндө реформаларды ишке ашыруу болуп саналарын  белгиледи.

Т.Валовая А.Бейшеналиевге Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жөнүндө кеңири маалымат бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, БУУ Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн мындан ары да кызматташууну улантат деп билдирди.

Жолугушуунун аягында Туруктуу өкүл БУУнун Кыргызстанга ар кандай долбоорлордун жана программалардын алкагында, анын ичинде шайлоо процесстерин өткөрүүдө жана Covid-19га каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK