Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУда жана башка эл аралык уюмдарда Туруктуу Өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Швейцария Конфедерациясынын Женевадагы БУУда жана башка эл аралык уюмдарда Туруктуу Өкүлчүлүгүнө зыярат сапар менен барып, Миссиянын башчысы Юрг Лаубер мырза менен жолугушту.

2807

2021-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУда жана башка эл аралык уюмдарда Туруктуу Өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Швейцария Конфедерациясынын Женевадагы БУУда жана башка эл аралык уюмдарда Туруктуу Өкүлчүлүгүнө зыярат сапар менен барып, Миссиянын башчысы Юрг Лаубер мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-швейцариялык кызматташтыктын деңгээлин жана келерки жылы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдык мааракесин белгилей турганыбызды канааттануу менен белгилешти.

Мындан тышкары, көп тараптуу платформалардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери да талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK