Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун астындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюмунун Башкы директору Д.Танг менен жолукту

2990

2021-жылдын 1-июлунда Женева шаарындагы (Швейцария) Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюмунун штаб-квартирасында Кыргыз Республикасынын Женева шаарындагы БУУнун астындагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү А.Бейшеналиевдин Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюмунун Башкы директору Д.Танг менен жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Туруктуу өкүл Башкы директорго Кыргызстандагы учурдагы ички саясий кырдаал, анын ичинде жаштарга колдоо көрсөтүү жана өлкөнүн университеттеринин алдындагы бизнес-инкубаторлорду  түзүү чараларын камтуу менен Кыргызстандын жетекчилиги тарабынан өлкөдө жүргүзүлүп жаткан ири социалдык-экономикалык реформалар жөнүндө маалымат берди. Ушуга байланыштуу, Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюму тарабынан Кыргызстандагы чакан жана орто бизнес, маданият жаатындагы конкреттүү долбоорлор, ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатындагы квалификацияны жогорулатууга байланыштуу долбоорлорду жүзөгө ашырууга практикалык жардам көрсөтүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Башкы директор Туруктуу өкүлгө Кыргызстанда жүрүп жаткан реформалар жөнүндө кеңири маалымат бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, Бүткүл Дүйнөлүк Интеллектуалдык Менчик Уюму интеллектуалдык менчик жаатында Кыргызстан менен толук кандуу кызматташуусун уланта берерине ишендирди.

Жолугушуунун соңунда А.Бейшеналиев БДИМУнун Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Д.Тангга ыраазычылыгын билдирип, Башкы директорду ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK