Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Азербайжан Республикасынын Элчиси жана Туруктуу өкүлү Вагиф Садыхов мырза менен жолугушту.
Бир катар зыярат сапарлардын алкагында, 2021-жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлү Алмазбек Бейшеналиев Азербайжан Республикасынын Элчиси жана Туруктуу өкүлү Вагиф Садыхов мырза менен жолугушту.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө маектештер эки тараптуу мамилелер жана Женевадагы көп тараптуу аянтчаларда кызматташтык маселелери боюнча пикир алмашышты.