Видео байланыш форматында Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары М.Бачелет менен баарлашты.

3045

2021-жылдын 15-июлунда, видео байланыш форматында Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женевадагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү А.Бейшеналиев БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары М.Бачелет менен баарлашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсесинин ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Туруктуу өкүл А.Бейшеналиев Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсесинин ишмердүүлүгүн жогору баалай тургандыгын жана аны менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берерин баса белгиледи. Бул контекстте ал БУУ-нун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын кеңсенин өлкөдө ишке ашырган программалары менен долбоорлорунун актуалдуулугун белгиледи. Туруктуу өкүл Жогорку комиссар М.Бачелетке эл аралык милдеттенмелерин толугу менен сактап, буга чейин кол коюлган бардык келишимдерди так аткарып, Кыргызстан адам укуктары менен эркиндиктерин илгерилетүүгө жана коргоого багытталган тынымсыз ишин уланта берет деп ишендирди.

Өз кезегинде Жогорку комиссар М.Бачелет кыргыз тарапка жемиштүү жолугушуу жана Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жөнүндө маалымат бергендиги үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле адам укуктарын камсыз кылуу жана коргоо жаатында өлкөнүн алдында турган маселелерди чечүү максатында кызматташууну улантууга даяр экендигин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK