КЫРГЫЗСТАНДЫН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ САУДИЯ АРАБИЯСЫНЫН УМБсине КАТЫШТЫ

78

2024-жылдын 22-январында БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын (УМБ) 45-сессиясынын алкагында Женевадагы Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү О.Султанов Сауд Арабиясынын УМБсине катышты.

Элчи Сауд Арабиянын делегациясы менен жылуу саламдашып, УМБ процессине берилгендигин жогору баалап, ошондой эле адамдарды сатууга каршы күрөшүү механизмдерин өркүндөтүү, адам укуктары боюнча маалымат базаларын жүргүзүү жана эмгек укуктарын камсыз кылуу жаатында Кыргызстандын сунуштарын берди.

 

Маалымат: Универсалдуу мезгилдүү баяндама - БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин уникалдуу механизми болуп саналат, анын алкагында БУУга 193 мүчө-мамлекеттин ар бири адам укуктары боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышын төрт жылда бир ирет каралат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK