Туруктуу өкүл Омар Султанов Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европалык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугушту
2024-жылдын 25-январында Туруктуу өкүл Омар Султанов Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) Европалык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылы Кыргызстанда Борбор Азиядагы саламаттыкты сактоо тармагын инвестициялоо боюнча эл аралык форумду өткөрүү демилгесин талкуулашты.
Келечектеги иш-чара мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана донорлордун ортосундагы аймактык ички кызматташтыкты тереңдетүү жана саламаттык сактоо тутумун чыңдоо үчүн эл аралык ресурстарды мобилизациялоо үчүн маанилүү түрткү болот деп пландаштырылууда.