Элчи Омар Султанов Европалык ядролук изилдөөлөр борборунун (CERN) башкы директору Джанотти Фабиола айым менен жолугушуу өткөрдү

79

2024-жылдын 25-январында Элчи Омар Султанов Европалык ядролук изилдөөлөр борборунун (CERN) башкы директору Джанотти Фабиола айым менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө CERN менен Кыргыз Республикасынын илимпоздорунун ортосундагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөр талкууланды.

Маалыматча: Европалык ядролук изилдөөлөр борбору (CERN) 1954-жылы негизделген, элементардык бөлүкчөлөр физикасы тармагында изилдөө жүргүзгөн эл аралык уюм. Женевага жакын Швейцария менен Франциянын чек арасында жайгашкан. Дүйнөдөгү эң чоң жана эң күчтүү бөлүкчөлөрдүн тездеткичи болгон Чоң Адрон Коллайдерин (LHC) иштеткен уюм катары белгилүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK