Туруктуу өкүл Омар Султановдун төрагалыгы астында Сауд Аравиясындагы адам укуктары боюнча Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын (UPR) жыйынтыктоочу жыйыны өттү

65

2024-жылдын 26-январында Женевада Туруктуу өкүл Омар Султановдун төрагалыгы астында Сауд Аравиясындагы адам укуктары боюнча Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын (UPR) жыйынтыктоочу жыйыны өттү.

Карап чыгуунун жыйынтыгында БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши (БУУ АУК) Сауд Аравия боюнча БУУ мүчө-мамлекеттердин корутундусун жана сунуштарын камтыган жыйынтыктоочу документти кабыл алды. Сауд Аравия Королдугунун делегациясынын башчысы, доктор Хала Мазьяд Альтуэгри Сауд Аравиясынын Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын учурунда көрсөткөн жардамы үчүн Кыргыз Республикасына терең ыраазычылык билдирди.

Маалыматча: Универсалдуу мезгилдүү баяндама (UPR) БУУ АУКтун механизми болуп саналат, ал жылына төрт жолу БУУнун 193 мүчө-мамлекеттеринин адам укуктары боюнча милдеттенмелеринин аткарылышын карап турат.

  • Туруктуу өкүл Омар Султановдун төрагалыгы астында Сауд Аравиясындагы адам укуктары боюнча Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын (UPR) жыйынтыктоочу жыйыны өттү
  • Туруктуу өкүл Омар Султановдун төрагалыгы астында Сауд Аравиясындагы адам укуктары боюнча Универсалдуу мезгилдүү баяндамасынын (UPR) жыйынтыктоочу жыйыны өттү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK