Женевада Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси Омар Султанов Швейцариянын Бириккен соода палатасынын (БСП) Директору Дорит Саллис айым менен жолугушту

101

2024-жылдын 6-февралында Женевада Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси Омар Султанов Швейцариянын Бириккен соода палатасынын (БСП) Директору Дорит Саллис айым менен жолугушту.

 

Баарлашуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын перспективалары жөнүндө кенен пикир алмашуу орун алды. Жолугушуунун соңунда Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы экономикалык байланыштарды тереңдетүү боюнча биргелешкен иш-чаралардын мындан аркы багыттары аныкталды.

 

Кыргыз тарабынын БСП менен кызматташуусу акыркы жылдарда швейцариялык компаниялардын Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттырууда. Мисалы, Bartholet Maschinenbau менен Кыргызстанда асма жолдорду куруу маселелери активдүү талкууланууда. Мындан тышкары, Schwihag AG компаниясы менен анын өлкөбүздүн темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлоруна катышуусу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK