2024-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Женевада жайгашкан БУУнун Кеңсеси жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу Өкүлү Омар Султанов БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасына (СПЕКА) катышуучу өлкөлөрдүн делегацияларынын башчыларынын жолугушуусуна катышты.

89

Жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун укуктук куралдары жана стандарттарын колдонуу менен Транскаспий транспорттук коридор боюнда көп модалдык маалымат жана документ алмашууну санариптештирүү боюнча СПЕКАнын жол картасын ишке ашыруу боюнча биргелешкен кадамдар талкууланды. Бул документ 2023-жылдын ноябрь айында СПЕКАга катышуучу мамлекеттердин мамлекет башчыларынын саммитинде бекитилген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK