Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгү Боливия, Нигер, Люксембург, Куба, Гамбия жана Түштүк Африканын миссиялары менен биргеликте Женевадагы БУУнун Улуттар сарайында фермерлердин жана башка айыл жеринде иштеген адамдардын укуктары боюнча БУУнун жумушчу тобун түзүүгө арналган сайд-ивентти өткөрдү.

92

Иш-чара Кыргыз Республикасынын жана пикирлеш өлкөлөрдүн БУУ АУКтун айыл жеринде иштеген адамдардын укуктарын коргоого жана илгерилетүүгө арналган ушул эле аталыштагы резолюциясын ишке ашыруу боюнча демилгесинин уландысы болуп эсептелет.

Аталган Жумушчу топту түзүү кыргыз тараптын бул чөйрөдөгү кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүүгө жана эл аралык аренада улуттук кызыкчылыктарды коргоого мүмкүндүк берүүчү БУУ механизмин түзүүгө багытталган күч-аракетинин натыйжасы болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи Султанов Кыргызстандын демилгеси менен 2022-жылы кабыл алынган БУУнун Башкы Ассамблеясынын «Туруктуу тоолорду өнүктүрүү» резолюциясына ылайык тоолуу айыл аймактарында жашаган калкты коргоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

  • Кыргыз Республикасынын Женевадагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгү Боливия, Нигер, Люксембург, Куба, Гамбия жана Түштүк Африканын миссиялары менен биргеликте Женевадагы БУУнун Улуттар сарайында фермерлердин жана башка айыл жеринде иштеген адамдардын укуктары боюнча БУУнун жумушчу тобун түзүүгө арналган сайд-ивентти өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK