Кыргызстандын Женевадагы БУУнун Кеңсесиндеги Элчиси/Туруктуу өкүлү О.Султановдун төрагалыгы менен “Женевадагы түрк жумалыгынын” алкагында БУУнун Улуттар сарайында “Түрк кызматташтык уюмдары: бириккен мурас, алдыга аракеттер” аттуу конференция өттү.

48

Бүгүн Кыргызстандын Женевадагы БУУнун Кеңсесиндеги Элчиси/Туруктуу өкүлү О.Султановдун төрагалыгы менен “Женевадагы түрк жумалыгынын” алкагында БУУнун Улуттар сарайында “Түрк кызматташтык уюмдары: бириккен мурас, алдыга аракеттер” аттуу конференция өттү.

Иш-чаранын негизги катышуучулары Түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери болду: ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Түрк академиясынын Башчысы Шахин Мустафаев, Түрк маданияты жана мурасы эл аралык фондунун Башчысы Актоты Райымкулова, Түрк тилдүү мамлекеттердин маданияты жана мурасы боюнча эл аралык фонддун Катчысы Кадир Яман, ТүркПАнын (Түрк Тилдүү Өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясы) укуктук маселелер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясы жана Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары Омер Кожаман.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар түрк мамлекеттеринин илим, билим жана маданият тармагындагы тыгыз өз ара аракеттенүүдөн тартып, укуктук маселелер боюнча мыйзам чыгаруучу институттардын кызматташуусуна чейинки кеңири тармактагы биргелешкен аракеттеринин мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин талкуулашты. Учурда ишке ашырылып жаткан жана пландаштырылып жаткан түрк эл аралык демилгелерине өзгөчө басым жасалды.

Иш-чара катышуучулардын, анын ичинде элчилердин, дипломатиялык корпустун өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, ошондой эле Швейцариянын бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн арасында чоң кызыгуусун жаратты

Конференциянын соңунда Женевада бардык түрк мамлекеттеринин маданият чеберлеринин катышуусунда ТҮРКСОЙдун гала-концерти болуп, андан соң Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана Азербайжан, Казакстан, Кыргызстандын, Түркия жана Өзбекстан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн атынан биргелешкен дипломатиялык кече өттү.

  • Кыргызстандын Женевадагы БУУнун Кеңсесиндеги Элчиси/Туруктуу өкүлү О.Султановдун төрагалыгы менен “Женевадагы түрк жумалыгынын” алкагында БУУнун Улуттар сарайында “Түрк кызматташтык уюмдары: бириккен мурас, алдыга аракеттер” аттуу конференция өттү.
  • Кыргызстандын Женевадагы БУУнун Кеңсесиндеги Элчиси/Туруктуу өкүлү О.Султановдун төрагалыгы менен “Женевадагы түрк жумалыгынын” алкагында БУУнун Улуттар сарайында “Түрк кызматташтык уюмдары: бириккен мурас, алдыга аракеттер” аттуу конференция өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK