КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН АКШ БУУнун НЕГИЗГИ АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА АЯНТЧАДА КЫЗМАТТАШУУСУ УЛАНУУДА

206

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН АКШ БУУнун НЕГИЗГИ АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА АЯНТЧАДА КЫЗМАТТАШУУСУ УЛАНУУДА


2024-жылдын 8-майында Женевада Кыргызстандын Элчиси О.Султановдун төрагалыгы алдында Словакиядагы адам укуктары боюнча Универсалдуу мезгилдүү баяндаманын (УМБ) жыйынтыгы чыгарылды.
Кыргызстан УМБнин жыйынтыктарын Словакия боюнча Тройкасынын төрагасы катары тапшырды, анын курамына Америка Кошмо Штаттары жана Алжир дагы кирди. Ошентип, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы БУУнун адам укуктары боюнча башкы платформасында кызматташуу уланууда.
Маалымат: Универсалдуу мезгилдүү баяндама - БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин уникалдуу механизми болуп саналат, анын алкагында БУУга 193 мүчө-мамлекеттин ар бири адам укуктары боюнча өз милдеттенмелеринин аткарылышын төрт жылда бир ирет каралат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK