Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси  Д.Мукашевдин  швейцариялык көркөм тасмалардын продюссери  Андре Мартан менен жолугушуусу

5584

2019-жылдын 3-сентябрында Элчиликтин Кыргызстан менен Швейцария арасындагы маданий жана гуманитардык  кызматташтыкты өнүктүрүү ишинин алкагында жана кыргыз тарабынын демилгеси менен Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси  Д.Мукашевдин  швейцариялык көркөм тасмалардын продюссери  Андре Мартан менен жолугушуусу болуп өттү.     

Жолугушуу учурунда тараптар белгилүү швейцариялык саякатчы-изилдөөчү, жазуучу жана сүрөтчү Элле Майярга арналган көркөм тасманын швейцариялык көркөм тасмалар продюсери тарабынан Кыргызстанда тартылышы талкууланды. Элле Майяр 1930-жылдарда Кыргызстанды кыдырып бир мезгил жашагандан кийин Орто Азиянын республикаларына жасаган  саякаты тууралуу кипет жазып чыгарган.

Швейцариялык продюссердин пландарына ылайык, швейцариялык тарап тасмага керектүү даярдык иштерин бүтүргөндөн кийин тасманын тартылышын эмки жылдын жайында баштоого пландаштырууда. А.Мартан  бул долбоорду кыргыз тарабынын жардамы менен узурлуу турдө ишке ашырууга ишенет жана бул тасма аркылуу Швейцария жана башка өлкөлөрдун көрүүчүлөрүн кыргыз элинин уллуттук маданияты, салттары менен жакындан тааныштурууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.    

А.Мартан долбоордун даярдык иштеринин алкагында Кыргызстанга жакын арада барууга жана бул маселени тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкулдөру жана кыргыз кесиптештери менен талкууга даяр экендигин баса белгиледи.

Эске салсак, Каракол шаарынын тарых музейинде Элла Майярдын Кыргызстанда болгон саякатына арналган туруктуу экспозициясы орун алган.   

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK