Италияга Консулдук иш сапары 2020
![](/uploads/content/4976/1fca50c9-772c-3671-8527-0bd1590e11df.jpg)
Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Швейцария, Италия жана Лихтенштейндеги Элчилигинин Консулдук бөлүмү Италияда турган мекендештерге консулдук кызмат өтөө максатында Италиянын төмөнкү шаарларына сапар улайт:
- Кальяри шаары – 23-24-январь (09:00 – 18:00) – дареги такталууда;
- Неаполь шаары – 25-январь (12:30 – 18:00), 26-январь (09:00 – 18:00), 27-январь (09:00 – 13:00); дареги: Via Tommaso Caravita 25, Napoli;
- Рим шаары – 28-январь (09:00 – 18:00); 29-январь (09:00 - 13:00); дареги: Via Principe Amedeo 47, Roma (B&B Celestino);
- Болонья шаары – 30-январь (09:00 – 18:00), 31-январь (09:00 – 15:30); дареги: Via G.Marconi 6, Bologna.
Элчилик, жарандардын кызыкчылыгын эске алуу менен, жолугушууга документтерди керектүү тартип боюнча алдын-ала даярдап келүүнү өтүнөт. Документтерди тариздөө тартиби тууралуу бардык керектүү маалымат жана ошондой эле толтурулуучу бланктар Элчиликтин веб-сайтында төмөнкү шилтеме боюнча жайгашкан: https://mfa.gov.kg/ru/dm/posolstvo-kr-v-shveycarii-postoyannoe-predstavitelstvo-kr-pri-oon-i-dr-mezhdunarodnyh-organizaciyah-v-g-zheneva/menyu---inostrannoe/konsulskie-voprosy/konsulskiy-uchet/hveycariya-.
Кошумча суроолоруӊузду Элчиликтин электрондук почтасына (kyrgyzmission@bluewin.ch) жөнөтүүӊүздү өтүнөбүз.
Ошондой эле, Италияда 3 айдан ашуун турган жарандар Элчиликтин консулдук каттосунан өтүүсү зарыл экендигин эске салуу менен бирге, консулдук кызмат үчүн төлөмдөр нактасыз эсептешүү жолу менен гана кабыл алынат деп белгилейбиз.