Италияда коронавирустун таркалышы тууралуу

5394

Урматтуу мекендештер!

Коронавирустун Италияда таркашына байланыштуу, Кыргызстандын жарандары өз коопсуздугун сактап, коронавирусту жуктурууну алдын алуу үчүн төмөнкү негизги иш-чараларды көрүүгө чакырабыз:

- эл кɵп чогулган жерлерге барбоого аракет кылуу;

- гигиенанын негизги эрежелерин кармануу; 

- медициналык бет каптарды (маска) жана дезинфекциялоочу заттарды колдонуу. 

Вирустун симптомдору байкалган учурда (дененин табы 37,5°С жана жогоруга кɵтɵрʏлгɵндɵ, жɵтɵл кʏчɵгɵндɵ, демигүүдө, баш ооруда) Италиянын Саламаттык сактоо министрлигине жана тез жардам кызматына 1500 же 112 номерлери аркылуу кайрылууңуздарды ɵтʏнɵбʏз.

2020-жылдын 23-февралында Италияда 113 киши вируска кабылды, 3 көз жумду, 1 киши сакайып, үйүнө кеткен. 24-февралга карай расмий маалымат саат 12:00 жарыяланат. 

Элчиликтин маалыматына жараша, бул тизмеде кыргызстандыктар катталбаган. Коронавируска байланыштуу абал тууралуу акыркы маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу алсаныз болот: http://www.salute.gov.it/nuovocoronavirus

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK