Элчи Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Соода жана өнөр жай министри Али бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушуу өткөрдү

4783

Үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрында Доха шаарында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Соода жана өнөр жай министри Али бин Ахмед Аль-Кувари менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз-катар кызматташтыгынын соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарындагы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алмашуу болду. 2021-жылы биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө, анын ичинде Экономикалык, соода жана техникалык кызматташтык боюнча Кыргыз-катар өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын экинчи отурумуна даярдык көрүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында, Элчи Ч.Эшимбеков катарлык тарапка 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодон кийинки Кыргыз Республикасындагы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK