Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Муниципалитет жана айлана-чѳйрѳ боюнча министринин орун басары Шейх Фалех бин Насер Аль-Тани менен жолукту.

6147

Доха шаарында, айыл чарба жана ветеринария тармактарындагы кыргыз-катарлык кызматташуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жетинчи эл аралык  «АГРИТЕК- 2019» көргөзмөгө катышуу маселелерин талкуулоо максатында, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катар Мамлекетинин Муниципалитет жана айлана-чѳйрѳ боюнча министринин орун басары Шейх Фалех бин Насер Аль-Тани менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасындагы айыл-чарба тармагынын потенциалы боюнча кеңири маалымат берип жана катарлык рынокко кыргыз продукцияларын экспортто мүнкүнчүлүктөрүнө токтоло кетти. Ошондой эле 2019-жылдын 19-22-мартында Доха шаарында өткөрүүгө пландаштырылган  Эл аралык айыл чарба «АГРИТЕК- 2019» көргөзмөгө катышууга Кыргыз Республикасы кызыкдар экендигин белгиледи.

Өз тарабынан Министрдин орун басары Шейх Фалех бин Насер Аль-Тани мурунку көргөзмөгө кыргыз компанияларынын активдүү катышканын жогору баалады жана өтө турган иш чарада Кыргыз Республикасынын өкүлдөрүнө керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK