Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жетектеген делегация 2019-жылдын 1-майында Доха шаарында болуп өткөн Азия кызматташтык диалогу уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин 16-отурумуна катышты.

3499

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нуран Ниязалиев жетектеген делегация 2019-жылдын 1-майында Доха шаарында болуп өткөн Азия кызматташтык диалогу уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин 16-отурумуна катышты.

Аталган иш-чаранын алкагында Азия кызматташтык диалогу уюмуна мүчө болгон 34 мамлекеттин Тышкы иштер министри/министрдин орун басары деңгээлиндеги делегация башчылары регионалдык жана эл аралык өз ара аракеттешүүнүн бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти, ошондой эле соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды тереңдетүү, билим жаатындагы программаларды жана долбоорлорду кеңейтүү маселелерин камтыган мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы келечектүү багыттарды аныкташты.

Н.Ниязалиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү» деп жарыялоо Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттары, санарип трансформациялоо, региондордун жана жергиликтүү коомчулуктун потенциалын жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттер жөнүндө кабар берди.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин делегация башчысы региондогу өлкөлөрдүн жаңы технологияларды колдонуу (калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү жана алардын коопсуздугун жогорулатуу тармактарында) боюнча тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн эске алуу менен Азия кызматташтык диалогу уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн ортосунда кызматташтыкты бекемдөөнүн зарылдыгын белгиледи. Азия кызматташтык диалогу уюмунун билим тармагында мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган орду белгиленди.

2019-жылдын 30-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 4-Саясий департаментинин директору Муратбек Азымбакиевдин катышуусу менен болуп өткөн Азия кызматташтык диалогу уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн Улук кызмат адамдарынын кеңешмесиндеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Доха декларациясы кабыл алынды.

Андан тышкары, Азия кызматташтык диалогу уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин 16-отурумунун алкагында Н.Ниязалиев Лаос, Таиланд, Шри-Ланка, Филиппин, Непал, Оман, Монголиянын делегация башчылары менен эки тараптуу жана көп тараптуу маселелерди талкулоо максатында жолугушууларды өткөрдү.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK